
11.01.2022 // 16:40
Обратите внимание на дату публикации.
Алматыда мародерлор тобу кармалды
Медеу районунун милиция кызматкерлери Мангыстау облусунун беш тургунун кармады. Алардан ар кандай соода үйлөрүнөн уурдалган далилдер (буюмдар) табылган, деп билдирет «Tengrinews.kz».
Кармалгандар буюмдар мародерлук жолу менен алынганын мойнуна алышкан.
Ошондой эле, кармалгандардан аскер кызматкерлерине таандык үн чыгаруучу гранаталар, каскалар, бронежилет жана калкандар алынган.
Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси — Массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана катышуу, 188-берене — Бөтөн мүлктү жашыруун уурдоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.