×
 

21.12.2021 // 15:05
Обратите внимание на дату публикации.

Сүрөт: Жаңы депутаттардын ЖКнын жыйындар залындагы орундары

Дастан Бекешев бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын болжолдуу орундары көрсөтүлгөн сүрөттү жарыялады.

Жаңы Конституцияга ылайык, эми парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиянын тизмеси менен шайланган. Калган 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланмак.

Сүрөткө караганда, парламенттин жыйындар залынын чок ортосуна «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жайгашат (15 мандат). Президиумдун оң тарабына «Ишеним» фракциясы (12 мандат) отурса, сол тарапта «Ынтымак» фракциясы (9 мандат) отурат.

«Ишенимдин» артынан «Альянс» фракциясынын (7 мандат) жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын (6 мандат) депутаттары орун алат.

Ал эми «Ынтымактын» артында «Ыйман нуру» фракциясы (5 мандат) жайгашат.

«Ата-Журт Кыргызстандын» артында бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар орун алат.

Источник: Баракелде

Комментарии: