×
 

01.02.2022 // 10:40
Обратите внимание на дату публикации.

Камчыбек Ташиев талкууга алынган №39 протокол боюнча жооп берди

№39 протокол боюнча айрым адамдар ар кандай ушак таратууда, деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

«Туура эмес маалымат берип жаткан айрым саясатчыларга, чала блогерлерге, депутаттарга ажиотаж жаратпагыла деп кайрылып кетет элем. Лейлек анклав болбойт. Мунун баары жалган маалымат», - деди ал.

Ташиевдин айтымында, протокол кабыл алынып жатканда, аны аткаруу механизмдери каралган.

«Протоколдо көрсөтүлгөн, Ворухка жол берүү үчүн жолдун статусун аныктоо керек. А жолдун статусу мамлекеттер аралык макулдашуу менен аныкталат. Ал жакта жол кимдики, аны ким курушу керек, ким тейлейт, ал жол менен ким жүрүшү керек экени көрсөтүлөт», - деди УКМКнын төрагасы.

Ал Лейлек району эч качан анклавга айланбай турганын белгиледи.

«Лейлекке 2 жол кетет: Ак-Сай—Рават жана Төрт-Көчө аркылуу. Кандай гана учур болбосун, биз Ворухка жол беришибиз керек. Жергиликтүү калктын, жол аркылуу өткөндөрдүн коопсуздугуна көз салуу зарыл. Жолдун статусу аныкталмайынча, жол дагы курулбайт. Бул жерде эч кандай талаш-тартыш болбошу керек. Ворухка коридор берилет деген сөз жалган. Бул саясатчылардын кооз сөзү. Алар кооз сүйлөйм деп, калк арасында тынчсыздануу жаратууда. Ошондуктан Лейлектин жашоочулары кабатыр болуп башташты. Ак-Сай—Рават жолу курулууда. Бул жылы асфальт төшөп, жолду ачууну пландап жатабыз», - деди Ташиев.

Ага эмне үчүн жол куруу маселеси жаралып жатканы тууралуу суроо узатылды.

«Эң негизги тапшырма — Ак-Сай айылынын жашоочуларынын коопсуздугу жана бул айылда ар кандай чыр-чатактын жаралышын азайтуу. Бул айыл аркылуу Ворухка жол өтөт. Эгерде Бакай участогундагы жолду калтырып койсок (Ак-Сайдын батышында жайгашкан), бул Ак-Сайдын кеңейишине тоскоол болот. Себеби айылдын бир тарабында суу агат, а бир тарабынан жол өтөт. Ак-Сай кеңейиши керек, калкка шарт түзүп бериш керек», - деди Ташиев.

Источник: Баракелде

Комментарии: